Биз менен байланышыңыз

Үйдөн чыкпаңыз. Министрлик кирдеген абанын зыяндарын айтты

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 758 | 0

Жакынкы күндөрү өлкөдө абанын температурасы 20-25 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Кээ бир райондордо 38 градуска чейин жетет. Мындай аба ырайынын шарттарында Бишкек шаарынын айланасындагы конуштарда жашаган тургундар көмүр жагышат же болбосо, тигүү калдыктарын, дөңгөлөктөрдү, желим буюмдарды жаккандар да бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти буга байланыштуу абанын булгануу ыктымалдыгы күчөй турганын жана бул калктын саламаттыгына тер таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирет.

Министрлик жарандарды мүмкүн болушунча үйдөн чыкпоого чакырат.

-Өзгөчө өнөкөт оорулары (жүрөк-кан тамыр, бронх-өпкө системасы, онкологиялык, аллергиялык оорулар) менен ооруган, жашы жете элек балдарга, кош бойлуу аялдар.

-Эгер сиз ушул күндөрү үйдө отурсаңыз, мүмкүн болсо, терезелерди ачпаңыз, физикалык активдүүлүктү азайтыңыз, үйдүн абасынын нымдуулугун сактоо үчүн нымдуу тазалоо жүргүзүңүз.

— Үйдү жылытуу үчүн тигүү калдыктары, дөңгөлөктөр, желим буюмдарды колдонбоо сунушталат, себеби алар күйгөндө канцерогендер абага чыгып, онкологиялык ооруларга алып келет.

Эгер сиз көчөдө жүрүүгө мажбур болсоңуз, төмөнкү коргоо чараларын сактаңыз:

— ачык абада спорт менен машыгууга болбойт;

— мезгилге ылайык дененин ачык жерлерин (бет, кол) жаап, кийинип, беткап тагыңыз;

— түшкү жана кечки убакта эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз — базарлар, көчөлөрдүн кесилиши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM