Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот укук коргоочу Камил Рузиевди актады

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 163 | 0

Укук коргоочу Камил Рузиев Жогорку соттун 10-январдагы токтому менен толук акталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 11-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды.

Рузиев 2022-жылдын 12-августунда Каракол шаардык соту тарабынан кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталган. Бирок октябрь айында Ысык-Көл облустук соту актоо өкүмүн жокко чыгарып, Рузиевди «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 80 миң сом айып салган.

Камил Рузиев 2020-жылдын 29-майында эки берене – «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» боюнча айыпталып, кармалган. Андан кийин бир берене алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM