Биз менен байланышыңыз

11-январда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 196 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -7…-12;

Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -5…-10;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -9…-14;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -8…-10 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM