Биз менен байланышыңыз

Былтыр салыктан канча сом чогултулганы айтылды

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 109 | 0

2022-жылы 207,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Пландык көрсөткүчтөр 3,7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп экени айтылды.

Анын ичинде 156 млрд 338,3 млн сом салык жана төлөм жыйналган. План 729,4 млн сомго ашык аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147,9%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 51 млрд 563,3 млн сомду түзүп, план 3 млрд 18,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 млрд 184,7 млн сомго көп (өсүү ыргагы 134,4%).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM