Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык үчүн 6000 квота бөлдү

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 1234 | 0

Сауд Арабиянын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2022-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы бардык талаптар аткарылат деген тилектештигин айткан.

Тараптар 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Сауд Арабия Кыргызстанга 6000 квота берилгендигин билдирди. Муну менен катар Сауд Арабиянын жылык министринин орун басары эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып кала турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти.
Аталган жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Тимур Аскаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты. Алар Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен 8-январда Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезек күтүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM