Кыргызстанда акыркы суткада курч респиратордук вирустук инфекция менен сасык тумоонун 507 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинин маалыматтарында айтылат.
2-8-январь күндөрү сасык тумоо менен катталгандар 8 миңдин тегерегинде болду, ага чейинки аптада 17 миңден ашкан.
КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын эпидемиологиялык өсүү мезгили жыл сайын октябрь-март айларына туура келет.