Биз менен байланышыңыз

«Альфа Телеком» быйыл сатыкка коюлушу мүмкүн

Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 313 | 0

Быйыл, 2023-жылы «Мега» уюлдук оператору сатыкка коюлат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 23-декабрда «Альфа-Телеком» (MEGA) ЖАКтын мамлекеттик акцияларынын толук пакетине баалоочу табуу боюнча сынак жарыялаган.

Тиешелүү кызматтарды сатып алууга арыз Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жайгаштырылды. Ага ылайык, тендердин жалпы баасы 7,8 млн сомду түзөт. Сынакты жеңип алган компания келишимге кол коюлгандан кийин 45 күндүн аралыгында MEGA компаниясынын базар баасын аныктап, рыноктук анализди жана негизги көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу боюнча сунуштарын бериши керек.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 21-ноябрдагы жыйынында Мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров «Альфа Телекомду» 2023-жылы сатуу маселеси каралып жатканын билдирген.

Ал компания болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн экенин, акыркы наркты баалоочу компания аныктай турганын айткан.

Бакировдун маалыматына караганда, «Керемет банктын», Кепилдик фондунун жана башкалардын мамлекеттик үлүшүн сатуу да пландалууда. Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекиткен.

MegaComду 2021-жылдын август айында да Улуттук банк тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылган. Анда компания 19 млрд сомго бааланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM