Биз менен байланышыңыз

ТИМ Казакстандын башкы прокурорунун билдирүүсүнө жооп берди

Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 514 | 0

Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун кыргызстандыктар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратты.

Министрлик кыргызстандыктардын коңшу өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга катыштыгы бар делген маалыматты төгүндөдү. Билдирүүдө «Министрлик Казакстандагы өткөн жылы январда болгон трагедиялуу окуяларга кыргызтандыктардын эч кандай тиешеси жоктугун билдирет», — деп айтылат.

Ошондой эле январь окуяларына байланыштуу массалык башаламандык боюнча тергөө иштеринде эки кыргызстандык жоопкерчиликке тартылганын, алар шарттуу түрдө жаза өтөгөнү айтылат. Бирок ал эки кыргыз жараны кокустуктан улам ошол окуяга аралашып калганы үчүн өзүнчө эпизод менен жоопкерчиликке тартылган. Мындан улам тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандары Казакстандагы митинг же массалык башаламандыктарга катышкандыгы тууралуу бир да айып далилденген эместигин баса белгилейт.

Казакстандын башкы прокурору парламент жыйынында сүйлөп жатып, январь окуяларын уюштурууга «Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын» жарандары да буга аралашкан деп билдирген.

Ошондой эле кармалгандардын арасында 8 диний экстремисттик агымдардын өкүлү бар экенин да кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM