Биз менен байланышыңыз

Токаев январь окуяларынын курмандыктарын эскерип, куран окуду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 411 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанадагы Хазрет Султан мечитинде январь окуяларынын курмандыктарын эскерип, куран окуду. Бул тууралуу Акордонун маалымат кызматы жарыялады.

Былтыр Казакстандын бир катар шаарларында башталган нааразычылык акцияларында жалпы 238 жаран каза тапкан. Анын ичинен эң көп 151 адам Алматы шаарында каза болгон. Ошол эле убакта Алматыдагы окуяларда 17 күч кызматкери да көз жумган. Ал эми башаламандыкты уюштурууга шектелип миңдеген жарандар кармалган.

Январь окуяларынын курмандыктарына арналып 23-декабрда Алматы шаарында мемориал тургузулган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM