Биз менен байланышыңыз

Мырза-Аке — Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 175 | 0

Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 метр куб кар көчкү түшкөн.

Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 см кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган.
Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM