Connect with us

Казакстандын баш прокурору январь окуяларына жарандары катышты делген өлкөлөрдүн атын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 596 | 0

Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов өткөн жылы январдын башындагы массалык башаламандыктарда кайсы өлкөлөрдүн жарандары жоопкерчиликке тартылганын айтты. Анын арасында кыргызстандыктар да бар экенин Tengrinews жазды.

Асыловдун айтымында, массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар делген чет элдиктер казакстандыктар сыяктуу эле мыйзам алдында жооп берип жатат. Ал жарандары соттолгон өлкөлөрдүн атын атап, «Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын» жарандары да буга аралашкан деп билдирди.

Ошондой эле кармалгандардын арасында 8 диний экстремисттик агымдардын өкүлү бар экенин да кошумчалаган.

Ал эми Казакстандагы январь окуяларына катыштыгы бар кыргызстандыктар тууралуу ТИМ үн ката элек. Былтыр башаламандыктар учурунда кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов казак күч кызматкерлери тарабынан кармалып, ал кыйноого алынган. Анын кыйноого кабылган абалда «күнөөсүн» моюнуна алган видеосу социалдык тармактарга тарап, кийинчерээк Кыргызстандын тиешелүү органдарынын кийлигишүүсү менен Кыргызстанга кайтарылган.
Музыкант Викрам Рузахунов ага жабылган жалаа үчүн казак бийлигинен компенсация өндүрүү боюнча арыз да жазган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM