Биз менен байланышыңыз

Мектептерде 11-январдан тарта окуу башталат

Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 685 | 0

Билим берүү мекемелеринин негизги окуу планына ылайык, өлкө аймагындагы мектептерде 11-январдан тарта окуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 2022-жылдын 31-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин белгиленген.

Үчүнчү чейрек 20-мартта жыйынтыкталып, окуучулардын жазгы каникулу 29-мартка чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM