Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда ар бир 1000 адамга 87 унаа туура келет

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 1429 | 0

Коңшу Өзбекстанда 2023-жылдын 1-январына карата эсеп боюнча өлкөдөгү жеке менчик унаалардын саны 3 051 734тү түзөт. Мындай маалыматты Өзбекстандын статистика кызматы жарыялады.

Статистика комитети билдиргендей, өлкөдөгү ар бир миң адамга 87 жеңил унаа туура келет. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу 6 унаага көбөйгөн.

Ал эми КМШ өлкөлөрүндө ар бир 1000 адамга туура келе турган жеңил автоунаалардын саны төмөндөгүдөй:

  • Орусия– 328;
  • Беларусь – 324;
  • Казакстан – 189;
  • Кыргызстан – 161;
  • Азербайжан– 128;
  • Өзбекстан – 87;
  • Тажикстан – 46.

Сандар ар бир өлкөнүн статистика комитетинен алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM