Биз менен байланышыңыз

Маданият министри фонограммага тыюу салган буйрук чыгарды

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 4029 | 3

Бүгүн, 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өткөн жылдын 30-декабрында кол койгонун тиешелүү тараптар кабарлашты.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.

Министр ошондой эле жоопкерчилик ар бир мекеменин жетекчилигине жүктөлөрүн билдирип, буйруктун аткарылышын өзү көзөмөлдөй турганын эскерткен.

Айта кетсек, 2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анын негизинде ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев атайын буйрук чыгарган.

3 пикир

3 пикир

  1. Зина

    01.01.2023 18:01

    Эми ырчылар азаят.

  2. Чинар

    01.01.2023 19:27

    Абдан жакшы болгон экен.
    Мен филармонияда 1983 — 1987 жылдары концерт алып барып жүрдүм.
    Чоң концерт дегенде СССРдин эл артисттери Болот Миңжылкыев, Эстебес Турсуналиев, Хусейн Мухтаров, Кайыргүл Сартбаева, КРнын эл артисти Дарика Жалгасынова, Асек Жумабаев, төкмө акындар Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев, Алтынбек Сапаралиев, Анара Анара Мадиева , Нуржамал Таабалдиева , ж.б ырдашат эле.
    Балет бийчилери СССРдин эл артисттери Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева, ж.б. баш болгон жалаң мыктылар чыгаар эле.
    Ак Марал бий ансамбли концерттин көркүн чыгарып турушчу.
    Эми айтып олтурсам, ал кез жомоктой болчу.
    Тартип катуу болгон.
    Филармониянын директору М. Назарбаевдин жанынан өтүү сүрдүү болгон.
    Мындай сый урмат ошол доор менен кеткендей…
    Сый, урмат, ынтымак болгон жерде баары болот.

    Учурда.
    Учурдагы өтүп жаткан концерттерди мен мактай албайм.
    Үн жок. Мимика жок. Сахнада кандай жүрүүнү билбеген ырчылар бар.
    Сахна — ыйык супара!
    Кудурет күчтүн, сулуулуктун күчү ушул жерден көрүнөт.
    Элдин сынынан өтөсүң.

    Андыктан ыксыз тебелеп тепсебе!

  3. Луиза

    12.01.2023 03:40

    Бул туура чыккан мыйзам уят болушканча ырдабай койгону жакшыраак деп ойлойм оз унун баалап ырчылыгын таштабайм деген инсандарга ийгилик дагы мыйзамдар чыгышын кутобуз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM