Биз менен байланышыңыз

«КР Эмгек сиңирген артисти» наамы кимдерге ыйгарылды? (тизме)

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 407 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземин мамлекеттик телеканалдардан түз алып берилүүдө.

Анын ичинде Кыргызстандын маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам ырчы Съездбек Искеналиевге, Азамат Сарыбаев, Урмат Усенов жана Максат Кулуевге ыйгарылды. Мындан сырткары дагы бир катар маданият кызматкерлери да бул сыйлыкка татыктуу болду.

Толук тизме менен төмөндө тааныша аласыздар:

Абдувалиев Курманбек Шаанбековичке К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;

 

Джолдошева Гулмира Сапаровнага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

 

Джельденбаев Элдияр Мусаевичке Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;

 

Жумалиев Болотбек Жакыповичке мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Жуманова Кайыргуль Максытовнага С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

 

Зейналиева Калидакан Насиралиевнага С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

 

Искеналиев Съезбек Искеналиевичке Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти;

 

Карыбекова Зулпия Нажимидиновнага актриса, ырчы, алып баруучу;

 

 

Кулуев Максат Маратовичке Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору;
Мейзер Зульфия Сулеймановнага Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;

 

Сарыбаев Азамат Бектургановичке Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти;

 

Узенов Урматбек Бейшенбековичке

 

эстрада ырчысы;

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM