Биз менен байланышыңыз

Ирандык шахматчы кыз дүйнө чемпионатына хижабсыз катышты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 527 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпионатына ирандык шахматчы гроссмейстер Сара Хадем хижабсыз катышты. Бул тууралуу Ирандын маалымат агенттиктери жазды.

Шахматчы кыздын бул аракетин Иранда сентябрда полициянын абагында каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акцияларына тилектештиктин белгиси катары карашууда.

25 жаштагы Сара Хадем аль-Шарие Иран курамасында Алматыдагы чемпионатка келген жалгыз кыз. Ал 18 жашында аялдар арасында гроссмейстер болгон биринчи ирандык шахматчы, ошондой эле эл аралык чебер наамына ээ.

Буга чейин Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Иран курама командасынын футболчулары алгачкы турдагы Англия командасына каршы беттешинин алдында гимнди ырдоодон баш тартышкан. Алар мындай кадамга учурда Ирандагы массалык нааразычылыктарга катышкандарды камоо жана аеосуз жазалар берип жатканына каршы пикир билдирүү үчүн барышкан.

Белгилей кетсек, сентябрдан бери Иранда нааразычылык акциялары болуп жатат. Алар хижжабды туура эмес кийгени үчүн полиция кармап, андан кийин каза болгон Махса Амининин өлүмүнөн улам келип чыккан.

Декабрда Иранда Амини өлгөндөн бери уланып жаткан өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан эки адам өлүм жазасына тартылган. Кийинки эки айда Иранда жүздөгөн адамдар өлүп, 15 миң адам камакка алынган. Митингчилерге каршы полиция ок атуучу курал колдонуп жатканы тууралуу да маалыматтар бар, бирок митингчилер көчөгө чыгуусун токтоткон жок.

Copyright © 2017 Maral FM