Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: «Док-1 Макс» дарысын ичкен 18 баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 2889 | 0

Өзбекстанда индиялык компаниянын өндүрүшүнө таандык «Док-1 Макс» дарысын ичкен 18 баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы билдирген.

Маалыматта «Док-1 Макс» дарысы Marion Biotech компаниясына таандык экени айтылат. Учурда шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. Бирок канча адам камалганы жазылган эмес.

Тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгы жүгүзүүдө.

Билдирүүдө экспертизадан өткөн сироп нормативдик документтердин талаптарына жооп бербей турганы белгиленген.

Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө алып келген «Док-1 Макс» дарысынан этиленгликоль табылганы айтылган. Анын 95 пайыздык эритмесинен 1-2 мл пайдаланганда адамдын организминде олуттуу өзгөрүү пайда болот. Текшерүү аныктагандай, «Док-1 Макс» ширесин ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен ооруканага жаткырылып, алардын 18и чарчап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM