Биз менен байланышыңыз

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 612 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети парламент депутаты Эмил Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.

Мекеменин маалыматында үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында парламент жыйынында депутат Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, ошондой эле депутат Жанар Акаев, Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришкен. Ал эми Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок келген эмес.

УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Жамгырчиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен болушу мүмкүн жана ал чек араны мыйзамсыз өтүп кеткен, — деп билдирет мекеме.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Эмил Жамгырчиев жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM