Биз менен байланышыңыз

Баткендеги кол салууда курман болгон жоокерлердин портреттери Улуттук музейге коюлду (фото)

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 605 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейине Баткендеги кол салууда курман болгон аскерлердин портреттери расмий түрдө өткөрүлүп берилүүдө. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Учурда аталган иш-чаранын алкагында баатырларча курман болгон аскерлер тууралуу сүрөт көргөзмө өтүүдө. Ал эми курман болгон жоокерлердин портреттерин Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилип, мекен сакчылары үчүн атайын бурч түзүлөт.

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуеванын айтымында, «Чек арада чептей туруп курман болгон баатырларга таазим» аталышындагы бул иш-чара мекен сакчыларынын эрдигин түбөлүк тарых барактарына киргизүү болуп саналат. Ал баатырлардын эрдиги унутулбай, урпактар алар менен сыймыктанып жүрүшү керектигин айтат.

Саамалыкка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов жана бир катар депутаттар да катышууда. Ошондой эле коомдук ишмерлер, курман болгон жоокерлердин жакындары, кесиптештери жана күч кызматкерлери да чакырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM