Connect with us

Аба ырайы: 22-декабрда кар жаайт

Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 646 | 0

Кыргызгидромет борборуну маалыматы боюнча, 22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында 22-декабрда мезгил-мегили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM