Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» , «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр биринчи окууда талкууланууда. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.
Буга чейин мыйзам долбоорун тийиштүү комитеттер караган. Баяндаманы Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жасоодо.
Министрлер кабинети 16 мамлекеттик органга ишкердик субъектилерге текшерүү жүргүзүү укугун берүүнү сунуштаган. Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, бул тизме бекитилбегендиктен акыркы бир жылдан бери пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес.
«Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында текшерет. Эгер ыйгарым укуктар чектен ашса, инспектор иштен бошотулат. Текшерүү буга чейин жүргүзүлүп келген, бирок ал Мамэкотехинспекциянын карамагында болгон. Эми алар ар башка министрликтерге карайт», — деп белгиледи Усөнбекова.
Депутат Айбек Осмонов талкуу маалында мыйзам долбоорун ишкерлер менен чогуу талкуулоо керек экен, документ чийки экенин айтты.
«Карашыбыз керек, көптөгөн чийки жерлери бар. Экинчи окууга алып келгенге чейин ири салык төлөөчүлөр менен чогуу талкуулайлы. Президент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизгенден кийин силер кайра текшергениңер туура эмес. Алыс кетпей эле, коңшу Өзбекстанды карайлы, президенти Шавкат Мирзиёев эмне деди, «бир дагы текшерүүчүнү көрбөйүн» деп жатат. Экономикасы өнүгүп жатат, жеке ишкерлер ошол жакка барып иш кылып атат, салыгын төлөйт, иштей берет. Бизде деле салык төлөп жатышпайбы. Менин сунушум — мораторий киргизилгенден кийин эч кандай текшерүү болбошу керек» , — деди Айбек Осмонов.
Дагы бир депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да текшерүүнүн түрлөрү өтө көп экенин айтып, кыскартууну сунуштады. Ушундай эле пикирди башка депутаттар да айтып, экинчи окууга сунуштарды беришти жана мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Быйыл 21-ноябрда президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.