Биз менен байланышыңыз

Доллар өсүүдө. Улуттук банк интервенция жасады

Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 459 | 0

Улуттук банк 20-декабрда валюта рыногуна 87,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

20-декабрда Бишкекте доллардын баасы жогорулаганы байкалды, коммерциялык банктарда доллар 86 сом 73 тыйындан сатылды.

Бүгүн, 21-декабрга карата да коммерциялык банктарда, акча алмаштыруучу жайларда доллар 86, 73 сом болууда.

Улуттук банктын расмий курсу 85 сом 67 тыйын деп белгиленди. Бир суткада 0,85 пайыза өстү.

Copyright © 2017 Maral FM