Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыкты

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 295 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыгып, аларды бошотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алар абактагы саламаттыгы начарлап жаткан аялдардын баш коргоо чарасын өзгөртөрүнөн үмүт кылышат. Ошондой эле ишти кароодо мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылышууда.

Акциянын айрым катышуучуларын президенттик аппараттын кызматкерлери менен жолугушуу үчүн өкмөт үйүнө чакырылды. Алар сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө кабыл алынганы айтылды.

20-декабрда социалдык тармактарда да абактагыларды колдоо максатында флешмоб өткөрүп жатышат.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM