Биз менен байланышыңыз

21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 401 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 21-декабрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кечке жуук  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында 21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +3…+5 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM