Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан чакан ГЭС куруу боюнча жапониялык компания менен иштешет

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 248 | 0

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Жапониянын Muroo Systems Co компаниясы менен Каракөлдө чакан ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруугун Жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Япониялык компаниянын президенти Жонсинг Пан чакан ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Кол коюлган Жол картанын алкагында чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарында Muroo Systems Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентация жасалган.

Жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдук беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM