Биз менен байланышыңыз

БУУнун баш катчысы 2023-жылды тынчтыктын жылы деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 442 | 0

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 2023-жыл тынчтык, аракет жылы болушу үчүн чечкиндүү кадамдар жасала турганын 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды жөнгө салбай коюу мүмкүн эместигин жана бул үчүн олуттуу чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.

«2022-жылы дүйнө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда, алардын айрымдарын бир жыл мурун эле элестетүү кыйын болчу. Бирок биз балдарыбызга жана неберелерибизге жашоого ыңгайлуу планета калтырышыбыз керек. Тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, теңсиздик менен күрөшүү, моралдык жактан банкрот болгон эл аралык финансы системасын реформалоо, адам укуктарын камсыз кылуу үчүн үчүн олуттуу чаралар көрүлүшү керек» , — деди Гутерриш.

БУУнун баш катчысы белгилегендей, геосаясий окуялар глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнү барган сайын кыйындатып жатат. Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн көбү дефолттун босогосунда турат.

Ушул жана башка көптөгөн маселелер кээ бирлерин эл аралык проблемаларды чечүүдө дипломатиядан баш тартууга мажбур кылат. Бирок азыр четте отура турган учур эмес, чечкиндүүлүктүн мезгили келди. Биз иштөөнү улантабыз, үмүтсүздүккө каршыбыз, нааразычылык менен күрөшөбүз жана эффективдүү чечимдерди табабыз» , — деди Гутерриш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM