Биз менен байланышыңыз

Эки тандоо бар. Президентке жаңы учак сатып алынат

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 840 | 0

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатканын билдирди. Учурда эки компаниянын учагы каралууда. Алар Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот.

«Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн  эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катарга болгон бүгүнкү иш сапары дагы» , — деди ал.

Өлкө башчы буга чейин жеке учак менен бир нече жолу чет өлкөгө учуп келгени социалдык тармактар аркылуу белгилүү болгон жана коомдо сынга кабылган.

Президенттерди ташыган №1-борт эскиргени жана аны алмаштыруу зарылдыгы айтылып келген. Ту-154 учагын Кыргызстанга 13 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин белек катары берген.

Борбор Азия президенттерин ташыган учактар (фото)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM