Биз менен байланышыңыз

Соода-өнөр жай палатасына Темир Сариев жетекчи болду

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 552 | 0

Бүгүн, 19-декабрда Соода-өнөр жай палатасына мурдагы премьер-министр Темир Сариев жетекчи болуп шайланды. Бул тууралуу ишкер Айбек Сарыгул кабарлады.

«Эми жалпы палата да жаңыланса, «совоктук» менталитеттен арыла албаган палатанын кеңеши, президиуму, ичинде иштегендер да толугу менен алмашуусу шарт. Жаңы президент Темир Аргембаевич келечек сьездде тандалган 127 киши делегат менен эмес 1200 мүчөнүн баары катыша алгандай кылып өткөрүп, палатанын кеңешин да толугу менен алмаштыра алат деген тилектемин» , — деди Айбек Сарыгул.

Темир Сариев: «Мен эч кимди душман көрбөйм, бардык жакшы нерсени чогултам. Менден акылдуу, креативдүү балдар жанымда болушу керек, ошолордун кеп-кеңешин угуп, чечим кабыл алам. Бүгүнтөн тарта тартип болот. Кийинки жыйындар мындай өтпөйт, ар ким өзүнүн функциясын, ордун билиши керек» , — деди жана өзүн шайлашканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине тогуз адам өз талапкерлигин коюп, анын ичинен үчөө бардык зарыл талаптарга жооп берип, тандалган эле. Алар:

Темир Сариев — «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономика жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри;

Жоодар Сайдилкан — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси;

Авазбек Керимбаев — «Шумкар» логистикалык компаниясынын жетекчиси.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келди.

Темир Сариев 59 жашта. Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, каржы министри, «Ак-Шумкар» саясий партиясынын төрагасы. 2015-жылдын 2-майынан 2016-жылдын 11-апрелине чейин премьер-министри болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM