Биз менен байланышыңыз

Актер Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 1859 | 0

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана башкалар катышууда.

Азиз Мурадиллаев 44 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына кызматка алынып, ошол күндөн тарта үзгүлтүксүз эмгектенип келген.

Театрда «төрөлгөн» Азиз Мурадиллаев кыйышпас досу жоктугун айтат

Copyright © 2017 Maral FM