Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди (FORM STI-155);
-бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү тартиби;
-кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору;
— жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери;
— салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо;
— кызматкерлер тууралуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.