Биз менен байланышыңыз

Жапаров Катарда Эрдоган менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 154 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Доха шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүшкөнү айтылды.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Садыр Жапаров 18-декабрда Катарга барган. Аны Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алган.

Жапаров футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды. Ал чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен катар чакырылганы айтылды.

Аргентина менен Франция улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады.

Аргентина дүйнө чемпиону болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM