Биз менен байланышыңыз

Аргентина дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 916 | 0

Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Франция менен Аргентина курама командалары беттешип Аргентина пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде Францияны утуп, дүйнө чемпиону болду.

Финалдык оюн «Лусаил Айконик» стадионунда өттү.
Беттеште биринчилерден болуп, Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси пеналтиден алгачкы голду киргизип эсеп сандарын ачты.
Ал эми оюндун 36-мүнөтүндө аргентиналык жарым коргоочу Анхель Ди Мария экинчи голду киргизди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе 80-мүнөттө пеналтиден француздар үчүн биринчи голду киргизсе, 81-мүнөттө экинчи голун киргизип эсеп сандарын теңеди.

Негизги оюнга бөлүнгөн убакыт аяктап. Кошумча берилген убакытты Месси үчүнчү голду киргизсе, оюндун 118-мүнөтүндө пеналтиден чабуулчу Мбаппе кайрадан эсепти теңеди.

Кошумча берилген убакытта эсеп сандары өзгөрбөгөндүктөн,жеңүүчү пеналтилер сериясында аныкталды.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты Катарда 20-ноябрда башталган 18-декабрда жыйынтыкталды. Турнирге жалпы 32 команда катышты.

Copyright © 2017 Maral FM