Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 17 Дек 2022 | 299 | 0

«Газпром Кыргызстан» компаниясы 20-декабрдан 21-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Буга байланыштуу төмөндөгү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

  • «Аламүдүн – 1» к/р, «Энергетиктер» шаарчасы
  • «Курулушчулар» шаарчасы
  • «Учкун» конушу.

Лебединовка айылында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында:

  • Калинин
  • Жеңиш пр
  • Садовое
  • Токмок.

Ишкана тез аранын ичинде жумуштарды бүтүрүүгө жана жаратылыш газын берүүгө болгон күч аракетин жумшайт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM