Биз менен байланышыңыз

Быйыл 70 студент президенттик стипендия алды

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 285 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент президенттик стипендиант болушту.

Садыр Жапаров мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде экенин айтты.

“Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу — ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз” , — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM