Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эл аралык стандартка жооп берген мал союучу жайлар курулат

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 360 | 0

2023-жылы Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген, сапаттуу мал союучу жайлар курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев маалымат жыйында айтты.

Ал билдиргендей, биринчи кезекте бала бакчаларды жана мектептерди эт менен камсыздоого басым жасалат. Себеби кээ бир касапканаларда продукциянын коопсуздугун текшерген ветеринарлар жок болгондуктан, балдарга кандай сапаттагы эт берилип жатканы белгисиз.

Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында үстүбүздөгү жылдын 11 айынын ичинде 93 мал союучу жай текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Шейшенбаев билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 25 жайга эскертме кагаздары берилип, бир айлык мөөнөт коюлду.

«Ветеринардык-санитардык нормаларга туура келбеген жайлар убактылуу жабылды. Ветеринардык кызматтын бирден бир максаты – бала бакчадан баштап, аскерлерибизге чейин сертификациядан өткөн гана мал союучу жайдын эти менен камсыз кылуу. Андыктан 2023-жылы Кыргызстандын ар бир районунда чакан жана талапка жооп берген мал союучу жай куруунун пландап жатабыз» , — дейт ал.

Буга чейин мал союучу жайларды текшерүүгө мораторий киргизилип, текшерилбей келген. Быйыл уруксат берилип, ушул жылдын үчүнчү жана төртүнчү кварталында жер-жерлерде текшерүү жүрдү.

«Азыр бала бакча, мектеп, оорукана жана башка тармактар этти бир гана мал союучу жайдан алышы керек деген талап коюунун үстүнөн иштеп жатабыз. Элдин ден соолугун алдын алуу үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз» , — деди Шейшенбаев.

2022-жылы өлкө аймагындагы мал союучу жайларда оорулуу малдын 50 миң кг эти жок кылынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM