Кыргызстандык Салиха Гобоева кикбокс боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу дене-тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатында 56 кг салмакта коло байгенин ээси болду. Спортчу кыз-келиндер арасында «лоу-кик» дисциплинасында беттешке чыккан. Биринчи беттешинде жеңип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип 3-орунду ээледи.