Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту бүгүн жандырылат

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 306 | 0

Бүгүн борбордук «Ала Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылат.

Балатыны жасалгалоого 8 миң км жакын гирляндылар, 2,3 км дюралайт илинген. Башкы балатынын узундугу 25 метр, диаметри 5 метр.

Борбордук аянтты кооздоо үчүн светодиоддуу жарыктандыруусу бар инсталляциялар, бугу, бүркүт, барс жана аттын архитектуралык формалары,  кичинекей балаты, дарактар жана «2023» деген жазуу орнотулду.

Белгилей кетсек, борбордук аянттагы балаты быйыл чоң фонтандын ордуна орнотулду. Буга чейин «Манастын» айкелинин жанына коюлуп келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM