Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мурунку вице-мэри кармалды

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 277 | 0

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталганына байланыштуу Бишкектин экс-вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүүнү уюштурган, — деп айтылат. Аткарыла турган иштердин чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ишканасы имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталган.

Ошондой эле, 2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген, — деп билдирет УКМК.

Бул коррупциялык компоненттер иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору А.А.А. болгон, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалаган. Бул боюнча кечээ, 15-декабрда козголгон кылмыш иштеринин алкагында, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык А.А.А. кармалды жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM