Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Депутаттардын статусун коргогон мыйзам долбоорун жаздык

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 240 | 0

“Депутаттын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзамды жазууга депутаттар Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаевдин прокуратурага суракка чакырылганы түрткү болгон. Аталган конституциялык мыйзам депутаттардын өз ишин так, даана аткаруусуна жана алардын кол тийбестигинин сакталуусуна чоң өбөлгө түзөт дейт Маматалиев:

“”Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, анда так даана жазып койдук. Депутат айткан пикири үчүн прокуратурага суракка чакырылбайт, — деп конституцияда белгиленген нормалардын алкагында биз толук жазып чыктык. Кийинки жума экинчи, үчүнчү окууга дароо коюлат. Биз аны үч окууда бир өткөрөбүз деп турабыз. Бул депутаттын статусун коргогон эң маанилүү мыйзамдардан болуп эсептелет. Ал кылмыш-жаза кодексинен, прокуратура боюнча мыйзамдардан жана регламенттен да жогору турат. Эгерде ошол мыйзамды кабыл алсак, депутаттардын кол тийбестиги корголот”.

 

Эске сала кетсек, Жогорку кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев прокуратурага сурак берип чыгышканы кабарланган. Ал ишти президент өз көзөмөлүнө алып, комиссия түзүзгөнүн ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында айткан. Ал эми соңку эки күндө депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын чакыртып алуу боюнча сотко арыз түшкөнү талкууга алынып, юристтер муну мыйзамсыз аракет деп баалоодо.

Copyright © 2017 Maral FM