Биз менен байланышыңыз

Бийликти сындаган сөзү үчүн Стамбулдун мэри абакка кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 461 | 0

Түркияда Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу боюнча сот чечими чыкты. Ага «бийликке акаарат келтирди» деген жүйөө менен айып коюлуп, 2 жыл 7 ай абак жазасы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Сот чечиминде Экрем Имамоглу жазасын өтөп бүткөн соң саясий ишмердүүлүгүн уланта албайт деп айтылат.

Белгилей кетсек, Имамоглу учурда Түркия бийлигине ачык сын айткан оппозиция лидерлеринин бири. Ага карата коюлган айыптоо 2019-жылы Стамбул шаарынын мэрлигине шайлоо учурунда айтылган сөзүнөн улам келип чыкты. Анда ал Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин сынга алып, «акмактар» деп атаган. Бул сөздү бийликти кемсинтти деп эсептелди.

Түркиянын мыйзамы боюнча бийликке карата кемсинтүү сөзүн колдонгондорго 4 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Саясат талдоочулар Экрем Имамоглу боюнча сот чечимин саясий кысым деп баалап жатат. Анткени Стамбулдун мэри буга чейин 2023-жылдагы президенттик шайлоого талапкер боло турганын ачык жарыялаган болчу. Ал эми бул шайлоого учурдагы президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.

Экрем Имамоглу Республикалык элдик партиясынын мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM