Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Мигранттар 10-январга чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүшү керек

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 444 | 0

Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары 2023-жылдын 10-январына чейин биометрикалык каттоодон жана медициналык кароодон өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарыялады.

Маалыматта «2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусия Федерациясына келген Кыргыз Республикасынын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек», — деп айтылат.

Биометрикалык катоо жана медициналык кароодон Орусиянын мигранттарды тейлеген мекемелери өткөрөт. Мындан улам элчилик 2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин Орусияда майрам күндөрү деп жарыялангандыктан, милдеттүү процедуралар өтө турган жерлерге барууну алардын иштөө графигин эске алуу менен алдын ала пландоону сунуштайт.

Орусия бийлиги сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, жана биометрикалык каттоодон өтүүнү талап кыла баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM