Биз менен байланышыңыз

Министр: Ыштын пайда болушуна Бишкек ЖЭБинин үлүшү 10% түзөт

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 237 | 0

Ыштын пайда болушуна Бишкек жылуулук электр борборунун таасири он пайызды түзөт. Мындай чечим быйыл октябрь айында БУУнун корутундусу менен чыгарылган.

Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин 15-декабрдагы жыйынында айтты.

«Абанын булганышында ЖЭБдин үлүшү такыр жок дегенден алысмын. Биз октябрь айында текшерткенбиз, БУУнун корутундусунда абанын булганышында ЖЭБдин таасири 10 пайызды түзөт деп көрсөткөн. Эмнеге? Анткени эски жылуулук борборундатруба 100 метр болчу, азыр жаңылангандан кийин эң кыска трубабыз 150 метр, эң узуну 300 метр. Бул көмүр 1999-жылдан бери эле жагылып келе жатат» , — деди министр.

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек жана Ош шаарындагы ыш маселесин чечүү жолдору талкууланып жатат. Депутаттардын суроолоруна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, саламаттыкты сактоо, ички иштер, энергетика министрлери жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жооп берүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM