Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров экинчи күн катары менен футбол ойноп жатат. Сүрөт

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 207 | 0

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук турниринин экинчи күнү башталды.

Бүгүн, 15-декабрда тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат.

Плей-офф баскычындагы оюндар «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өтүүдө.

Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, футболдун иш күнү өтүп жатканын сындагандарга «андан трагедия жасаштын кереги жок» деп билдирди.

«Мурас» турниринин максаты – сергек жашоо образын, футзалды жайылтуу, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү экенин Жапаров билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM