Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге алынды

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 287 | 0

Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билдирди.

Анын ичинде Бишкекте 40, Ошто 10, Чүй облусунда бардык мектептер жана 49 бала бакча карантиге жабылды.

Бул мектептер окутууну онлайнга өткөрдү.

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 1,5 эсе көбөйдү. Жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциянын 14 миң 798 учуру жана сасык тумоонун 153 учуру катталды.

Оорунун күчөшүнөн улам ооруканаларда жалпы 10 миң 33 орундук даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM