Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри таңга маал шаар кыдырарын айтты

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 619 | 0

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек жана Ош шаарындагы ыш маселесин чечүү жолдору талкууланып жатат. Депутаттардын суроолоруна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, саламаттыкты сактоо, ички иштер, энергетика министрлери жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жооп берүүдө.

Анда Бишкек мэри Абдыкадыров депутаттын суроосуна жооп берип жатып, таңкы саат төрттө шаарды кыдырарын айтты.

«Мен сөзсүз шаарды кыдырам. Ал тургай, эртең менен саат төрттө суу себүүчү машиналар ишке чыгат, саат беште көчөлөр шыпырыла баштайт. Мен алардын кээ бирлери менен жолугам, спорттук форманы кийип алып. «Эмне проблема болуп жатат, канча айлык алып жатасың, жетекчиң кандай болуп жатат? деп сөзсүз сурайм» , — деди мэр.

Депутат Ырысбек Атажанов калаада таштанды көбөйгөнүн, «Тазалык» ишканасынын ишин көзөмөлдөөнү өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM