Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров эмне үчүн иш күндөрү футбол ойногонунун себебин айтты

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 340 | 0

Президент Садыр Жапаров футзал боюнча «Мурас» достук турнири эмне үчүн иш күндөрү өтүп жатканын түшүндүрдү. Ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, футболдун иш күнү өтүп жатканын сындагандарга «андан трагедия жасаштын кереги жок» деп билдирди.

«Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатышат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырмаларды берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Мындан сырткары, бул турнирдин дагы бир максаты – “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, биздин спорт менен машыгып чуркап жүргөнүбүздү көрүп келечек муун үлгү алат. Спортко тартылат. Мындай биримдикке чакырган, сергек жашоо образына үндөгөн иш-чараларды өткөрүү – биздин иш-милдеттерибиздин бири, керек болсо, эң маанилүүсү десем да болот» , — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 14-15-декабрда футзал боюнча «Мурас» турнири өтүүдө. Максаты – сергек жашоо образын, футзалды жайылтуу, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү экенин Жапаров билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM