Биз менен байланышыңыз

Франция менен Марокконун күйөрмандары чырдашып, өспүрүм каза болду

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2022 | 968 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 15-декабрга караган түнү Франция-Марокко беттешинен кийин күйөрмандардын ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Франциянын Монпелье шаарында футбол аяктагандан кийин күйөрмандардын ортосунда чыр чыккан.

Белгисиз адамдар Франция курама командасынын күйөрманы отурган унаага жакындап, терезеде илинип турган Франциянын желегин жулуп башташкан. Айдоочу качуу максатында жолго чыга калып 14 жаштагы баланы сүзүп алган. Алган жаракатынан улам өспүрүм ооруканада каза болгон.

Буга чейин Франциянын бул шаарында француздар менен этникалык марокколуктардын ортосунда массалык кагылышуулар болуп келгени кабарланган.

Белгилей кетсек, Франциянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Марокко курамасын утуп, финалга чыкты.

Эми 18-декабрда финалдык беттеш Аргентина менен Франция курама командаларынын ортосунда болот. Ал эми 17-декабрь күнү үчүнчү орун үчүн Хорватия менен Марокко ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM