Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Франциянын эки оюнчусу жарым финалда ойнобой калышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 452 | 0

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалдык оюнунда Франция курама командасынын жарым коргоочусу Адриен Рабьо жана коргоочу Деотчанкул Упамекано Марокко менен ойной турган беттештин алдында ооруп калды.

Маалыматка ылайык, сасык тумоонун белгилеринен улам алар командадан бөлүнүп калган. Алар оор жөтөлүп жана тамактары ооруп жаткандыктан, алдыдагы маанилүү беттешке катыша албай калышы мүмкүн.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Катарда көптөгөн футболчулар кондиционер иштеген бөлмөлөрдөгү көчөдөгү жогорку температура айырмасынан улам ооруп калган.

Белгилей кетсек, бүгүн Франция 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Марокко менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM