Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Марокконун күйөрмандары бара турган аба каттам токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 357 | 0

Марокколук күйөрмандар Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалын көрүү үчүн Доха шаарына уча алышпайт.

Марокконун улуттук авиакомпаниясы Дохага шаршембиге пландалган 7 каттамды токтотту.

«Катар бийлиги тарабынан киргизилген акыркы чектөөлөрдөн улам Royal Air Maroc кардарларына Qatar Airways тарабынан аткарылган каттамдарынын токтотулгандыгы тууралуу өкүнүч менен кабарлайт «, — деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Рейстердин токтотулушунан улам, Марокко-2022 футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдык беттешине барууну каалаган жана буга чейин мейманканадан орун ээлеп койгон күйөрмандар беттешти көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Royal Air Maroc буга чейин күйөрмандардын шаршемби күнү Францияга каршы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык оюнун көрүү үчүн 30 кошумча рейс уюштурарын айткан. Бирок шейшембиде авиакомпаниядагы булак 14 гана рейс белгиленгенин билдирди.

Марокконун улуттук авиакомпаниясы кардарларынан кечирим сурап, билеттердин баасын кайтарып берүүнү убадалады.

Белгилей кетсек,  бүгүн 15-декабрга караган түнү Франция менен Марокко финалга чыгуу үчүн оюн өткөрөт. Беттеш Аль-Хавр шаарындагы «Аль-Байт» стадионунда өтөт.

Жарым финалдык оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM