Биз менен байланышыңыз

Прокуратура кызматкери, жактоочу жана аудитор пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 271 | 0

Бүгүн, 14-декабрда УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды.

Алар 100 миң сом өлчөмүндө пара алууга шектелүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалгандар алдын ала сүйлөшүп алышып, Б.К.С. аттуу жаранга карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM